Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Испан-кыргыз биримдигинин жаңы журналы чыга баштайт


Аталган биримдиктин өкүлү Луис Санчестин Гарвард Университетинин Борбор Азиялык электрондук жарыялар бөлүмүнө жазышынча, басылманын негизги темалары салттуу маданият, улуттук жана аймактык саясат, армия, коопсуздук, эл аралык мамилелер жана Кыргызстанга тийешеси бар башка маселелер болмокчу.
Басылма Испанияда испан тилинде жарык көрөт, бирок кыргыз, орус жана башка тилдерде да макалалар басылып турат.
«Сүмөлөк» деген аталыштагы испан-кыргыз биримдиги 2005-жылы түзүлгөн, ал маданият, эл аралык мамилелер, гуманитардык маселелер боюнча Кыргызстан менен Испаниянын ортосундагы алакаларды бекемдөөнү максат кылат.
Бул биримдиктин интернет сайттын блог адреси: sumalak.wordpress.com. (Luis Sánchez, Hispanic-Kyrgyz Association "SUMALAK", http://sumalak.wordpress.com, sumalak.es.kg@gmail.com) JCH

XS
SM
MD
LG