Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

И.Исаковдун тарапкерлери ачкачылык акциясын улантууда


Бүгүн акциясынын башталганына 19 күн болду. Ушу тапта Бишкекте беш, Алайда он киши ачкачылык акциясын улантууда. Алайда Исмаил Исаковдун 85 жаштагы апасы Анипа Маматисаеванын ачкачылык кармаганына 7 күн болду. “Бүгүн дагы тилектештик билдирип Бишкекте ачкачылык акциясына келип кошулуучулар бар”, дейт Исаковдун карындашы Элмира Турганбаева.
11-январда Бишкек гарнизондук аскер соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан дароо камакка алынган мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун тарапкерлери анын укугун коргоп, 13-январда Бишкекте ачкачылык акциясын 9 адам баштап, аларды кубаттаган Алай районунун төрт тургуну 14-январда ачкачылык жарыялаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG