Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Улан Мелисбек Найробидеги эл аралык конференцияга катышат


Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбек Найроби шаарында (Кения) 2010-жылдын 7-мартында өз ишин баштай турган ICANN корпорациясынын отуз жетинчи эл аралык конференциясына чакыруу алды. ICANN ар түрдүү мамлекеттердин өкүлдөрүнүн көз караштарын угуп, актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн, жылыга үч жолу Интернет-коомдоштуктардын өкүлдөрүн жана кызыкдар болгон тараптарды чогултат. Ушундай талкуулардан кийин гана ICANN корпорациясынын Директорлор Кеңеши дүйнөлүк домен индустриясын өнүктүрүүгө таасир этүүчү чечимдерди кабыл алат. Найробидеги ICANN конференциясы өз ишин 12-мартта аяктайт.

ICANN уюмунун акыркы жолугушуулары Бразилияда, Португалияда, Пуэрто-Рикодо, Кошмо Штаттарда, Индияда, Францияда, Египтте, Мексикада, Австралияда жана Түштүк Кореяда өткөрүлгөн .2010-жылдагы жолугушууларды Найроби (Кения), Брюссель (Бельгия) шаарларында жана Латын Америкада өткөрүү белгиленген. (EK)

XS
SM
MD
LG