Бул тууралуу Исмаил Исаковду коргоо боюнча Алайдагы комитеттин төрагасы Айтбай Жээналиев “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, генералды абактан бошотуу, саясий куугунтукту токтотуу талабы менен 5-февралда Алай районунун борбору Гүлчөдө дагы нааразылык акциясы өткөрүлөт. “Бул акцияларды мыйзам чегинде өткөрүү үчүн тийиштүү маалымдамалар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө берилди”,-дейт А.Жээналиев.
“Ак жол” фракциясынын айрым депутаттары болсо И. Исаковго байланыштуу маселени сот чечкенин, мыйзамдуулукту сактоо керектигин айтышууда. (AJ)
“Ак жол” фракциясынын айрым депутаттары болсо И. Исаковго байланыштуу маселени сот чечкенин, мыйзамдуулукту сактоо керектигин айтышууда. (AJ)