Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Б.Бешимов жана К.Кадыровдун депутаттык ыйгарым-укуктарын токтотуу чечими кабыл алынды


Бүгүн Жогорку Кеңештин Этика жана регламент боюнча комитети социал-демократиялык фракциянын мүчөлөрү Бакыт Бешимов жана Кубанычбек Кадыровдун депутаттык ыйгарым-укуктарын токтотуу чечимин кабыл алды. Жыйында Бакыт Бешимов 2009-жылдын 1-сентябрынан бери, Кубанычбек Кадыров 24-сентябрынан бери парламенттин сессиясына катышпай жатканы айтылды. Комитет жыйынында социал-демократиялык фракциянын лидери Роза Отунбаева Бакыт Бешимовдун кайрылуусун таратты. Бирок ал жыйында расмий каралган жок. Кайрылууда Бешимов азыркы бийликти өтө кескин сынга алып, саясий куугунтук, репрессия, киши өлтүрүүлөр артында бийлик турганын, өлкөнүн күч структураларын ичинде хунта орноп, ал Жаныш Бакиевдин жетегинде турат деп билдирген. (AiT)

XS
SM
MD
LG