Мындай талап бүгүн Баткен облусунун губернатору Айтибай Тагаевдин Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен болгон жолугушуусунда коюлду. Тажикстандын айылдары менен дээрлик курчалып калган Таш-Тумшук айылынын тургундары губернатор менен жолугушуу учурунда чек ара маселесин көтөрүп, абал күндөн күнгө оорлоп жаткандыгын айтышты. Айыл тургундары жаштар айылдан кетип жатканын, жашоо-шарттын оордугун белгилешип, эгер мамлекет көңүл буруп, үстөксүз насыяларды бербесе элдин баары чек арадан көчүп кетээрин эскертти.
Губернатор мамлекет тарабынан айыл элине колдон келишинче жардамдар берилээрин жана чек ара маселеси көңүл борборунда болоорун айтып, Тамдык чек ара бекетине колдоо иретинде электр генераторун тапшырды. (JsA)