Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Антимонополдук комитет уюлдук кызматтын кымбаттоосуна таасир кыла албай жатат


Антимонополия агенттигинин башчысы Надырбек Турганбаевдин "Ак жол" фракциясынын жыйынында "Beeline", "Mobile" компаниялары агенттик менен макулдашпай туруп 1-февралдан тартып кызмат көрсөтүү баасын өз алдынча 60 тыйынга кымбаттатып алышты деп билдирди. Анын айтымында, аталган компаниялар монополдук компаниялар катары мамлекеттик тизмеге кирген эмес, ошол себептен аларга таасир кылуу кыйын болуп жатат. Ошол себептен бул маселени бир ыктай чечип, бааларды кайра арзандатуу үчүн агенттик аталган компанияларга кат жолдоп, алардан түшүндүрмө күтүп атат. "Эгер компаниялар элдин эсебинен кошумча пайда көрүп жатканы аныкталса аларга чара көрүлөт" деп билдирди агенттиктин төрагасы Н.Турганбаев. (BuS)

XS
SM
MD
LG