Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

“Коомчулуктун байланышы” долбоору ишке кирди


Бул тууралуу долбоорду уюштуруучулардын бири Гүлнара Абыталиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, долбоор бир канча теманы, багытты тандап алып, ага сынак жарыялайт. Жеңүүчү деп табылган 10 адам тажрыйба алмашуу максатында Америкага баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. “Быйыл билим берүү, СПИД, ден соолук темалары камтылат. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл сынакка журналисттер да тартылат. ЮСАИД уюму каржылаган “Коомчулуктун байланышы” долбоору Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгын жогорулатуу максатында иштеп келе жатат”, - дейт Г. Абыталиева.

Бул долбоор Кыргызстанда беш жылдан бери иштеп келе жатат. Өткөн жылы энергетика тармагы жана электр кубатын үнөмдөө, кан берүүчү донорлор, жана мектеп маселеси боюнча сынак жарыяланып, он киши АКШга барып келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG