Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Пакистандагы кол салуу мектеп окуучуларынын өмүрүн алды


Пакистанда кыздар мектебинин жанында болгон жардыруудан бери дегенде 10 киши, анын ичинде бир нече бала жана америкалык 3 аскер мерт кетти. Жоокерлер Ал-Кайида жана талип согушкерлерине каршы күрөшкөн бөлүктө кызмат өтөчү. Төмөнкү Дир чөлкөмүндө болгон кол салуудан ошондой эле 70 чакты киши жараат алды. Бул карасанатайлык үчүн жоопкерчиликти Талибан өзүнө алып, америкалыктарга каршы мындай чабуулдарды мындан ары улантышаарын эскертти. Пакистандын түндүк-чыгышындагы согушкерлер кыздардын мектептерин бутага көп алышат. Өткөн жазда коопсуздук күчтөрү бул чөлкөмдө жоочуларга каршы ири операция жүргүзүшкөн.

XS
SM
MD
LG