Америкалыктар Пакистандын түндүгүндөгү кыздар мектебинин жанында бомба жарылганда каза тапкан 10 кишинин арасында болгон. Пакистан армиясы билдиргендей, курмандыктардын арасында дагы үч жаш бала жана бир аскер да күм-жам болду. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти пакистандык талиптер өздөрүнө алып, мындай кол салууларды уланта берээрин эскертишти.