Мындай чечимди бүгүн Жогорку Кеңеш Алексей Елисеевдин жана БШКнын өтүнүчүнүн негизинде кабыл алды. Буга Алексей Елисеевдин Инновация жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Борбордук агенттиктин жетекчисинин орун басары болуп дайындалышы негиз берди. Ал мындан тышкары “АУБдун” директорлор кеңешинин төрага орун басары, жоопкерчилиги чектелген «V.I.P. Consulting»коомунун башкы директору болуп саналат. (BuS)