Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

С.Попов: “Чакан ГЭС” “Түндүкэлектрону” сатып алууга катышкан


Жогорку Кеңештин депутаты, “Түндүкэлектрону” сатуу боюнча комиссиянын мүчөсү Сергей Поповдун “Азаттыка” бүгүн билдирүүсүнө караганда, “Түндүкэлектро” сатылды. Анын жаңы кожоюну кыргызстандык фирма болуп калды. Бирок жеңүүчүнүн атын атоодон депутат баш тартты. Ошол эле мезгилде Сергей Попов “Түндүкэлектрону” сатып алуу боюнча конкурска “Чакан ГЭС” фирмасынын катышканын тастыктады.
Ал эми Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы, “Түндүкэлеткрону” сатуу боюнча комиссиянын мүчөсү Сүйөркул Бакиров “Түндүкэлектрону” сатып алууга үч фирма катышканын атаган. Алар Россиянын “Якутспецгидро” компаниясы, Казакстандын “Алматаэнерго”, Кыргызстандан “Спецэнерго” акционердик коому.
Мүлк министрлиги бөлүштүргүч компаниялардын сатылышы боюнча расмий маалымат бере элек. Министрликтин өкүлдөрү бүгүнгө белгиленген маалымат жыйынына келген жок. (AiT)

XS
SM
MD
LG