Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:01

Бүгүн Петровка окуясы боюнча сот улантылат


Кечээги соттук отурумда 15 күбө суралып Э.Бөлөкбаев, С.Аргынбаев, У.Рыскуловго каршы көрсөтмө беришкен жок. Жактоочулар Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары К.Кадиновдун сотко келип көрсөтмө берүүсүн талап кылышты. “Себеби ал жетектеген тергөө тобу кылмыш иштериндеги документтерди бурмалаганы көрүнүп калды”,- дейт “Жашылдар” партиясынын төрагасынын орун басары Наргиза Абдылдаева.

-Жактоочулар мындан башка дагы премьер-министр Данияр Үсөновду, Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди, анын орун басарлары С.Курманалиевди, Т.Исаевди, мурдагы губернатор К.Сыйдановду, Депутаттар Попов, Сидаренколорду дагы сотко келип көрсөтмө берүүсүн талап кылышты. Алар Петровкадагы окуяны башынан-аягына чейин көрүшкөн, -деди Н.Абдылдаева

Мамлекеттик айыптоочулар болсо жогорудагы адамдарды сотко чакыруунун кажети жоктугун айтышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG