Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

“ЧаканГЭС” “Түндүкэлектрону” сатып алды


“Түндүкэлектро” акционердик коомунун мамлекетке таандык 81% акциясын кыргызстандык, мурда белгисиз "Чакан ГЭС" деп аталган компания сатып алды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлк министри Турсун Турдумамбетов кабарлады. Анын айтымында, тендерге Орусиядан “Гидроспецстрой”, Казакстандан “ГЭС Энерго Алматы” жана Кыргызстандын "Чакан ГЭС” деп аталган компаниялар катышкан. Жеңүүчү деп кыргызстандык фирма табылды. “Чакан ГЭС” компаниясы “Түндүкэлектронун” 81 пайыз акциясын 3 млн. долларга сатып алды, мындан тышкары алдынкы 10 жыл ичинде бул компанияга 74 млн. доллар инвестиция салмакчы.
Өткөн жылы “Түндүкэлектро” өз абоненттерине 3 млрд. 89 млн. кв/саат электр энергиясын саткан. Ал үчүн кардарлардан 2 млрд. 250 млн. сом чогултулган. Бул бүгүнкү курс менен 56 млн. доллар акча болот. “Түндүкэлектро” Кыргызстандын “Кыргызалтын”, “Скаймобайл”, “Кыргызгаз”, "Манас" аэропорту сыяктуу кирешени мол берген алдынкы он компаниянын катарына кирет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG