Ош облусунун газ пайдалануучуларынын дебитордук карызы 2010-жылдын 1-февралында 68 млн. сомду түзгөн. План боюнча пайдаланылган “көгүлтүр от” үчүн 47 млн. сом топтоло турган болсо, анын 15 миллиону гана чогулган. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызгаздын” басма сөз катчысы Айзада Тойгонбаева кабарлады. “Ошол себептүү Ош облусунун карызы көп болгон айрым аймактарында газ берүү убактылуу токтотулду. Бул Өзбекстанга тиешеси жок”, - деди А.Тойгонбаева. Бүгүнкү күндө “Кыргызгаздын” “Өзбекгазга” карызы 4,1 млн. долларды түзөт. (КЕ)