Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:54

Петровкада күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү аяктоодо


Бүгүнкү соттук териштирүүдө белгилүү болгондой Петровка чатагы боюнча күбөлөрдүн саны кыскарып, дагы 40 киши көрсөтмө берет. Мындан тышкары адвокаттар айыпталып жаткандардын саламаттыгына байланыштуу алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен сотко кайрылышты. Сот алардын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.
Петровка чатагына байланыштуу соттук териштирүү 9-февралда уланат.

4 жашар кызды зордуктаган күрт улутундагы жигиттин жазасыз ээн-эркин басып жүргөнүнө кыжырданган петровкалыктар 26-апрелде айылдагы күрттөрдүн көчүп кетүүсүн талап кылып, тополоң болгон. Натыйжада бир нече күрттүн үйү жабыркаган. Бул ишке байланыштуу милиция БЭКтин мүчөсү “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевди, жергиликтүү укук коргоочулар Сапар Аргынбаев менен Уран Рыскуловду “баш-аламандык уюштурган” деген айып менен 27-апрель күнү камакка алган. Петровка чатагына негиз берген деген себептүү президенттин көрсөтмөсү менен Москва районунун акими, прокурору жана милиция башчысы кызматтан алынган. Ал эми 4 жашар кызды зордуктаган күрт улутундагы А. Осмонов Москва райондук соту тарабынан 20 жылга кесилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG