Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:21

БЭК бир жылдык ишмердүүлүгү боюнча маалымат берет


Оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын Уюштуруу штабынын башчысы Азимбек Бекназаров кыймылдын түзүлгөндөн берки ишмердүүлүгү тууралуу отчет бермекчи. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча буга байланыштуу жыйын 6-февралда болот.
Он төрт оппозициялык саясий кыймылдын жана партиялардын башын бириктирген Бириккен элдик кыймыл Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу системасына каршы 2008-жылы 24-декабрда түзүлгөн. Андан бери кыймылдын катарынан бир нече кыймылдар жана партиялар чыгып кеткен. Алгач кыймылга саясий партиялардын жана кыймылдардын жетекчилери мүчө болгон Саясий бюро жетекчилик кылган. Азыркы учурда БЭКти социал-демократиялык партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев жетектейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG