Линктер

дүйшөмбү, 26-июнь, 2017 Бишкек убактысы 06:29

Бишкек менен Сопу-Коргондо ачкачылык уланууда


Генерал Исмаил Исаковду коргоо комитетинен билдиришкендей, ушул тапта Бишкекте жети аял ачкачылык акциясын улантууда. Ачкачылык акциясынын катышуучуларынын бири Гүлнара Самиеванын айтымында, Бишкектеги ачкачылык акциясына 13-январдан бери 67 киши катышкан. Улам ден-соолугу начарлап, акцияны токтотууга мажбур болгондорду улам кийинкилери толуктоодо.

Ал эми Алай районунун Сопу-Коргон айылында ушул тапта он киши ачкачылык кармап отурушат. Ачкачылык кармагандардын баары тең камакта жаткан мурдагы генерал Исмаил Исаковдун бошотулушун, саясий куугунтуктардын токтотулушун талап кылышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG