Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Украина бүгүн президентин шайлап жатат


Бүгүн ал жакта президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө. 17-январда биринчи айлампа болуп, анда Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович менен премьер-министр Юлия Тимошенко башкалардан көбүрөөк добуш топтошкон. Бүгүнкү добуш берүүнүн алдынан жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, Янукович шайлоодо утуп чыгышы мүмкүн болуп турат.

Аналитиктердин айтымында, эгерде кимдир бирөө экинчисин аз эле добуш менен утуп кетсе, жеңилген тарап “шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды” деп чыгышы мүмкүн. Тимошенко болсо “добуштар бурмаланса, экинчи саргылтым ыңкылап жасайм” деп эскерткен. Мындан беш жыл мурда “саргылт ыңкылаптын” айынан Янукович президенттикке жетпей калганы белгилүү.

XS
SM
MD
LG