Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

С.Мелникоффтун көргөзмөсү өтөр-өтпөсү белгисиз


АКШлык сүрөтчү С.Мелникоффтун Кыргызстандын жаратылышын, элет турмушун чагылдырган фото көргөзмөсү 11-февралда Бишкектеги көркөм-сүрөт музейинде өтмөк. Бирок Жогорку Кеңештин айрым депутаттары С.Мелникофф орустарга жана Орусияга карата өтө катуу сындарды айтып жүргөнүн, андыктан мындай адамдын көргөзмөсүн өткөрбөө керектигин айтып чыгышкан. “Орусия менен алаканы бузуп алабыз” деген депутаттардын кыйкырыгынан кийин Маданият агенттигинин жетекчиси Султан Раев кызматынан бошотулган. Көркөм-сүрөт музейинде тагылган көргөзмө тууралуу чоң жарнак да алынып салынган.

Аталган сүрөт көргөзмөсүнүн тагдыры боюнча кийинчерээк атайын комиссия түзүлүп, ушу кезге чейин комиссия өз чечимин кабыл ала элек. Андыктан сүрөтчү С.Мелникоффтун көргөзмөсү өтөр-өтпөсү дале белгисиз бойдон калууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG