Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:46

Иран МАГАТЭге маалымат берет


Иран бүгүн берери күтүлүп жаткан маалыматында МАГАТЭни уранды жогорку деңгээлде байытуу пландары менен тааныштырмакчы. Өлкөнүн атомдук тармагынын башчысы Али Акбар Салехинин кечээ кечиндеги жарыясына караганда, Тегеран эртеңден тарта уранды 20%га байытууну баштайт жана бул чечим тууралуу МАГАТЭ бүгүн кабардар болмокчу.

Ирандын өкүлү ага катар, Тегеран эгер Улуттар уюму колдогон келишим түзүлүп калса, бул жараянды токтотоорун кошумчалады.

Бул аралыкта АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Иранга каршы эл аралык кысымды күчөтүүгө үндөдү. Ал бүгүн кечке жуук Парижде француз президенти Николья Саркози менен жолугары күтүлүүдө.

Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасоону көздөйт деп кооптонгон Батыш өлкөлөрү ага каршы санкциялардын жаңы айлампасы киргизилерин эскертишкен. Иран болсо программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн ырастап келүүдө.

XS
SM
MD
LG