Бүгүн Флорида штатындагы Кеннеди космос борборунан учуп чыккан “Эндевор” чөлмөгүнүн сапары 13 күнгө созулат. Анын бортунда алты астронавт бар. Алар Эл аралык космос станциясына барып, соңку эки жабдууну орнотушмакчы. Бул учуу АКШнын космос агенттиги НАСАнын чөлмөктөрүнүн эң акыркы сапарларынын бири. Быйылкыга белгиленген беш учуу аткарылган соң чөлмөктөр колдонуудан чыгат.