Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:55

ЕККУ өкүлү Казакстан менен Тажикстанды сынга алды


ЕККУнун Басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү аталган эки өлкөнүн бийликтерин журналисттерди, көз карандысыз гезит басуучуларды куугунтуктап, тиешелүү мыйзамды аларга каршы “туура эмес” колдонуп жатканы жатканы үчүн сынга алды. Миклош Харашти өз билдирүүсүндө казак сотунун беш көз карандысыз гезит колдонгон типогафиялык техниканы конфискациялоо жөнүндөгү чечимине көңүл бурду. Ал басылмалар президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевди коррупциялык иштери үчүн айыптаган банкир, учурда четте качып жүргөн Мухтар Аблязов тараткан маалыматтарды басып чыгышкан эле.Тажикстанда болсо соңку кездери бир нече судья сот системасындагы коррупция жөнүндө материалдарды жарыялаган үч гезитти жалган жалаа жапты деген жүйөө сотко беришкен . ЕККУда быйыл январдан тарта уюмдун Басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү сынга алган Казакстан өзү төрагалык кылат.

XS
SM
MD
LG