Коомдук ишмер, мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов мындай пикирин “Азаттыкка” президент Курманбек Бакиев чакырган Ынтымак курултайына карата билдирди. “Тарыхта элдик курултайдан өйдө бир дагы бийлик бутагы болгон эмес. Анын укугу да эч качан чектелген эмес, хан, бектер да ага барган эмес. Курултай чечимдерин эл сыйлаган, эл урматтаган, эл ишенген адамдар чечкен үчүн анда айтылган чечимдер кыйшаюсуз турмушка ашырылып келген. Элдик курултайга элде бүгүн дагы ишеним зор”, - дейт Д.Сарыгулов. Ошондой эле ал элдин бийликке ишеними азайган сайын курултайга көбүрөөк көңүл буруп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Ынтымак курултайындагы чечимдер мыйзамсыз, анда айтылган кеңештер болсо аткарылбай да калышы ыктымал.
“Элдик курултай эркин шайланган. Ага хандын, бэктин, бийдин баланча адамы, өкүлү катышат деген тарыхта болгон эмес. Бул адилеттүүлүктөн алысыраак көрүнүш. Элдин бийлигин элдик курултай аркылуу орнотмоюнча Кыргызстан эгерим алдыга жылбайт”, - дейт Д.Сарыгулов. Андан сырткары ал кыргыздын тарыхында бир гана Элдик курултай болгондугун айтып, аны "Ынтымактын курултайы" же "жогорку" жана "төмөнкү" деп атоо туура эмес деп сынга алды. (КЕ)