Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:00

Тимошенко шайлоонун жыйынтыгын тааныган жок


Украинада жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы дээрлик дайын болуп калды. Алдын ала жыйынтыктарга караганда, Региондор Партиясынын лидери Виктор Янукович премьер-министр Июлия Тимошенкону 5% добуш менен утту. Бирок Тимошенко «шайлоодо массалык мыйзам бузуулар болду» деп, «таза шайлоого укугун коргой турганын» айтты. Жекшембидеги шайлоону эларалык байкоочулар таза, ачык, демократиялык нукта өттү деп билдиришти. Шайлоого көз салган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму өлкөнүн саясий лидерлерин бийликти жаңы президентке тынч жол менен өткөрүп берүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG