Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Бүгүн Өзбекстандагы биринчи фотожурналист айым Умида Ахмедованы соттоп жатышат


Аны «өзбек элине акаарат келтирди» деп күнөөлөшүүдө. Фотожурналист Ахмедова 2007-жылы Швейцариянын Ташкендеги элчилигинин каржылык колдоосу менен сүрөт альбомдорун чыгарып, кинотасмасын тарткан. Ошол иштеринде Ахмедова «өзбек элин жапайы, артта калгандай» көрсөттү деп айыпташты. Сүрөтчү өзү жакында «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, ал сүрөттөрдө элге акаарат келтирчү эч нерсе жоктугун, элдин кадимки күнүмдүк турмушу гана көрсөтүлгөнүн айткан эле. Анын иштери «элдин турмушун таамай сүрөттөгөнү үчүн» буга чейин көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон эле. Ахмедова өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын айтты. Ага тагылган айып боюнча ал эки жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн болуп турат.

XS
SM
MD
LG