Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:24

Тогуз-Тородо кар калың түшүп, мектептер жабылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча акыркы күндөрү тынбай жааган кардын натыйжасында Тогуз-Торого 1,5 метрден ашык кар түштү. Ушундан улам окуу мектептери жабылып, райондун алыскы айылдары менен каттам үзүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдорду ачууга жана зарыл аймактарда карды тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө. Мындан тышкары райондогу мектеп, оорукана жана башка социалдык обьекттердин чатырларынан карды күрөө иштери жергиликтүү бийликке тапшырылган. Акыркы маалыматтар боюнча мындан жапа чеккендер жок.
Кардын калың жааганына байланыштуу тоолуу аймактардагы кан жолдордо кар көчкү жүрүү коркунучу бардыгын транспорт министрлиги эскертүүдө. Автожолдордогу күрткүлөрдү тазалоо иштери байма-бай жүргүзүлүп жатса да бороон-чапкындын айынан кайра эле кыймыл татаалдап жатканын белгилеген аталган министрлик айдоочулардан 14-февралга чейин алыскы жолго чыкпай турууларын өтүнгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG