Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

И.Исаковдун иши боюнча Аскердик сотто күбөлөр суралды


Бүгүн Аскер сотунун судьясы Тилек Абдырашидов Бишкек гарнизондук аскер сотунун И.Исаковго коюлган айыбын жана ага чыгарган өкүмүн угузду. Андан соң жактоочу Азимбек Бекназаров генерал И.Исаков адилетсиздик менен 8 жылга кесилгенин белгилеп, апелляциялык арызды калыс, адилет кароону соттон өтүндү. Күбө катары суралган коргоо министринин мурдагы орун басары Борис Югай Башкы прокуратура тарабынан ага кысым жасалганынан улам И.Исаковго байланыштуу көрсөтмө бергенин билдирип, соттон адилет чечим чыгарууну өтүндү. Б.Югайдан башка Аскарбек Молдобаев, Мырзалы Бөрүбаев да күбө катары суралышып, генерал И.Исаковдун айыбы жоктугун айтышты.

Сотко СДПнын төрагасы Алмаз Атамбаев, “Ак шумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариев, “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев жана башка 400гө чукул И.Исаковдун тарапкерлери катышты. Соттун алдында “Саясий куугунтукту токтот”, “И.Исаков элине ишенет”, “ И.Исаков туура соттолсун” деген жазуулары бар плакаттарды көтөргөн адамдар турушту. Тыныгуудан соң сот саат 15те улантылат. Бул тууралуу сот жараянына катышып келген кабарчыбыз билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG