Бул тууралуу Экономиканы жөндөө министрлигинин коллегиясында маалымдалды. Ага катышкан премьер-министр Данияр Үсөнов быйыл кант кызылчасын, фасоль, сүт өңдүү айыл чарба азыктарын, ири мүйүздүү малды жана майда жандыкты, булардан тышкары көмүр өндүрүүгө өзгөчө маани берүү керектигин белгиледи. Мындан тышкары премьер-министр айыл өкмөтүнөн баштап министрликтерге чейин экономиканы өнүктүрүү долбоорлорун даярдоо зарылдыгын айтты.
Коллегияда маалымдалган божомолго караганда быйыл Ички дүң продукциянын көлөмү 235 млрд. сомго жетип, жалпы экономикалык өнүгүү 5,5 пайызды, инфляция 11,5 пайызды түзөт. 2009-жылы ички дүң продукция 196 млрд. сом болгон. (BuS)