Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:59

Гүлчөдө И. Исаковдун жактоочуларынын митинги аяктады


Митингде мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун камалганын мыйзамсыз деп эсептеген алайлыктар өлкөдөгү абалга тынчсызданышып, азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын сындашты. Митингдин соңунда 5 пункттан турган чечим кабыл алышты. Анда, “Исмаил Исаков абактан бошотулсун, Петровка окуясы жана Балыкчыда шарттуу кесилгендер акталсын. Стратегиялык маанилүү обьектилер мамлекеттин карамагында калсын. Азыркы бийлик кетсин”,- деген талаптар коюлуп, эгерде бул талаптар аткарылбаса жөө жүрүш жана башка акцияларды башташары көрсөтүлгөн. Бул тууралуу митингдин жүрүшүнө күбө болгон кабарчыбыз билдирди.
“Кылым шамы” укуктук борбордун билдиришинче митингге 700гө чукул адам катышты.
Ал эми Алай районунун акими Алмазбек Осмонов болсо мыйзамдын чегинде митингге уруксат берилбегенин, И.Исаковдун тарапкерлери өз алдынча стадиондо 140 адам катышкан митинг өткөргөнүн, аларга жергиликтүү бийлик тарабынан кысым болбогонун “Азаттыкка” маалымдады. (AJ)

XS
SM
MD
LG