Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Москвада бычактап өлтүрүлгөн жарандын ысымы такталды


Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуровдун билдиргенине караганда Москва шаарындагы Чоңгарск гүлбагында киши колдуу болгон 18 жаштагы эмгек мигранты Абдыманап Исмаилов болуп чыкты. Ал Ош облусунун Төлөйкөн аймагынан Москвага үч ай мурда барган жана анын туруктуу иши болгон эмес.
Аны 9-февралда кечинде дүкөнгө чыкканда белгисиз адамдар үч жолу бычак сайып өлтүрүп кетишкен. “Киши өлтүрүү” фактысы боюнча Чертанов райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, иликтеп жатат деп билдирди элчи. Элчинин айтымында маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү аракеттери көрүлүп жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG