Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Кыргызстанда Коомдук поэзия академиясы түзүлдү


Жаңы түзүлгөн Коомдук поэзия академиясы өзгөчө жаш акындардын чыгармачылыгына көңүл буруп, жыл сайын альманах чыгарып турмакчы. Бул туурасында “Азаттыкка” академиянын президенти, Кыргыз Эл акыны Омор Султанов кабарлады. Анын айтымында, бул өлкөдөгү китеп чыгаруу ишмердүүлүгүн, жалпы акындык өнөрдү, поэзияны өнүктүүрү максатын көздөп түзүлдү. “ Бул жерде кадимкидей сабак өтүлөт. Азыр биздин жазуучулардын союзу иштебей калды. Басма органдар жок. Эми чыгармачыл жаштардын бардыгы “жетим” калды. Алардын жүзүн ачып, элге тааныта турган бирөө болуш керек”, - дейт О.Султанов. Мындан сырткары академияда чыгармачылык туурасында талкуу өтүп, жаштарды лауреат кылуу аракеттери көрүлмөкчү. Келечекте атайын гезит, журнал чыгаруу да пландалууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG