Жогорку Кеңештин сессиясында “Ак жол” фракциясынан депутат Бейшенбек Абдырасаков мурда да зордуктоо айыбы үчүн соттолгон Хамза Шоруевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошоткон түрмө башчыны жоопко тартуу сунушун киргизди. Депутаттын белгилешинче, Көк-Жаңгак шаарынын күрд улутундагы тургуну Хамза Шоруев 2007-жылы кызды зордуктап, Сузак райондук соту тарабынан 6 жылга эркиндигинен ажыратылган. Абакта бир жыл бир ай отуруп чыккан Шоруев 20-январда Көк-Жаңгак шаарында 8 жашар кызды зордуктаган. Облус прокурору А.Шерипбаев Х.Шоруевдин алты жылдык жазасын эки жылга түшүргөн соттун ишин кароо жагы Башкы прокуратурага билдирилгенин маалымдады. Кыздын туугандары 20-январдагы элдик жыйында күрддөрдүн апрель айына дейре Көк-Жаңгактан чыгып кетүүсүн талап кылган. (YA)