Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Баткенде дагы бир район түзүү демилгеси көтөрүлүүдө


Бул тууралуу облустук акимчиликтин маалымат катчысы Мамажан Бердишов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымына караганда, Өзбекстан менен чектешкен төрт айыл округун бириктирип, “Бүргөндү” районун түзүүнү сунуштап Кадамжай районунун Актурпак айыл округунун атуулдары облус жетекчисине кайрылган. Бул сунушту облус губернатору Айтибай Тагаев да колдорун билдирип, өлкө жетекчилигине кайрылаарын айткан. Маалымат катчысынын айтымында, аталган аймак чынында район борборунун алыста калып, социалдык тейлөө, экономикалык абал, чек ара маселелери район түзүү муктаждыгын жаратууда. Эгер бул максат ишке ашса аймакта өнүгүүгө толук мүмкүнчүлүгү жетишээрлик- дейт Мамажан Бердишов. (JsA)

XS
SM
MD
LG