Ирандагы ислам ыңкылабынын 31 жылдыгы өкмөтчүл күчтөр менен оппозициянын кагылышуулары менен коштолду. Оппозиция лидери Мехди Карруби жана реформачыл экс-президент Мохаммад Хатами оппозициянын жыйынына баратканда аларга өкмөтчүлөр кол салганы маалымдалды. Буга байланыштуу Евробиримдиктин Тышкы иштер жана саясый коопсуздук боюнча Жогорку өкүлү Кэтрин Аштон тынчсыздануу билдирди.