Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Ак Үй Ирандын уранды 20 пайыздык деңгээлде байытканына ишенбейт


АКШ жетекчилиги ырасмий Тегерандын уранды байытуудагы ийгилигине ишенбесин билдирди. 11-февралда президент Ахмадинежад өлкөдө уран 20 проценттик деңгээлде байытылды, Иран ядролук державага айланды, деп жарыялаган эле. Ак Үйдүн өкүлү Роберт Гиббстин билдиришинче, Иран мурда да бул сыяктуу негизсиз саясый билдирүүлөрдү жасаган. Дүйнө коомчулугу Иран өзөктүк куралдын үстүнөн жашыруун иштөөдө деп кооптонот.

Иран президенти М. Ахмадинежад жогорудагыдай билдирүүнү АКШнын Финансы министрлиги Ирандын ыңкылапчыл гвардиясына таандык бирикменинин жана анын төрт инженердик курулуш компаниясына санкция жарыялап, алардын мүлктөрүн камакка алгандан кийин жасады.

XS
SM
MD
LG