Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:12

Иракта таанымал эки сунни саясатчы шайлоодон четтетилди


Ирак бийликтери суннилердин таанымал эки саясатчысын мартта болчу парламенттик шайлоого катышпайт, деп тапты. Шиитер башындагы Текшерүү комиссиясынын төрагасы Али ал-Ламинин түшүндүрүшүнчө, аларда Салех ал-Мутлаг жана Даафир ал-Анинин тыйуу салынган БААС партиясын колдошконун ырастаган  “айныгыс далилдер” бар. БААС партиясы Саддам Хусейн доорундагы башкаруучу партия жана анын уюткусун негизинен суннилер түзгөн. Иракта шайлоо өнөктүгү 12-февралда башталат.

 

XS
SM
MD
LG