Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Конституциялык өзгөртүүлөр биринчи окууда кабыл алынды


Бүгүн парламент отурумунда “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору 76 добуш менен кабыл алынды.

СДП фракциясынын лидери Роза Отунбаева жетинчи жолу өзгөртүлүп жаткан Баш мыйзамды өзгөртүү менен бийлик борборлоштурулуп жатканын белгилеп, өзгөртүлө турган сегиз берене президенттик администрациянын юристтери тарабынан чала сабат жазылганын айтты. Ал ошондой эле 73-74-берене боюнча өкмөттүн милдеттери чектелип, Конституцияга киргизиле электе эле Президенттик институт иштеп жатканын билдирди. Отунбаева айым: "Конституцияга өзгөртүү киргизбей эле, премьер-министрдин институтун жоюп, президент аткаруу бийлигин колго алып алганы оң", - деди.

Ал эми “Ак жол” фракциясынын лидери Улугбек Ормонов буга чейин эле президент жарыя кылган мамлекеттик башкаруу реформасы аракеттеги Конституцияга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө негиз болуу менен мамлекеттик кызматтардын ордун, алардын милдеттеринин такталышынын жаңы багыттарын аныктаганын билдирди. Анын айтымында, муну менен президент мамлекеттик башкаруунун жигердүү иштешин камсыздай турган өкмөттү түзүп, алар азыркы күндө өзгөртүлө турган баш мыйзамга ылайык иштеп жатышат.

Депутаттар карап жаткан жаңы долбоор боюнча Конституциянын сегиз беренесине өзгөртүү киргизүү каралган. Алардын ичинен эң орчундуусу жана көп талаш туудурганы 52-берененин жоболору болуп жатат. Анда үчүнчү абзацтагы «Президенттик кеңешме» деген сөздөр «курамында Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр жана Президенттик кеңешменин мүчөлөрү кирген мына ушул максатта гана үч күндүн ичинде чакырылган Мамлекеттик кеңеш» деген сөздөр менен алмаштырылсын" деп жазылган. Төртүнчү абзацтагы «Президенттик кеңешме тарабынан Президенттик кеңешменин» деген сөздөр «Мамлекеттик кеңеш тарабынан Мамлекеттик кеңештин» деген сөздөр менен алмаштырылсын деп сунушталган.

Азыркы Конституцияда 52-беренеде Президенттин милдетин аткаруу тартиби төмөндөгүдөй жазылган:

“Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүнчүлүк болбой калган учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр аткарат".

XS
SM
MD
LG