Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Ынтымак курултайын уюштуруу комитети жыйын курду


13-февралда Ынтымак курултайын уюштуруу комитети көрүнүктүү коомдук ишмер жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда курултайды өткөрүүгө даярдыктар, ой-пикирлер айтылды. Ошондой эле президент тарабынан чакырылчу квота тууралуу сунуштар айтылып, Ынытмак курултайынын күн тартиби талкууга алынды. Уюуштуруу комитети өткөргөн бүгүнкү жыйынга Бишкек гуманитардык университетинин профессору, Коомдук палатанын мүчөсү И.Адразаков, С.Аблесов, Улуттук товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти К.Алыкулов, коомдук ишмерлер К.Кошалиев, Н.Касиев, К.Дүшөбаев, К.Коңкобаев, Б.Мурзубраимов, А.Юлдашев, Кыргыз Эл жазуучулары Б.Жакиев, К.Өмүркулов, Кыргыз Эл артисти Т.Казаков, “Шоро” компаниясынын президенти Т.Эгембердиев катышты. Бул тууралуу президенттин катчылыгынан кабарлашты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG