13-февралда “Ыктыярчы болуу - эң сонун!” деген ураан менен ыктыярчыларыдн эл аралык жыйыны өтүп жатат. 2004-жылы студенттер тарабынан түзүлгөн SIDOK ыктыярчылар бирикмеси уюштуруп жаткан бул жыйын өлкөдөгү волонтердук ишмердүүлүктү талкулап жатат. Аталган бирикменин лидери Бегайым Алыбаеванын билдиришинче, мурда мындай жыйындар нике, үй-бүлө, билим берүү, салт-санаа темасында талкууларды өткөрүү менен чектелип келсе, мында ар кыл багытта тажрыйба жана ой-пикир алмашуу, жаш ыктыярчылар арасында дискуссия жүргүзүү менен өзгөчөлөнөт. Ошондой эле конференцияга мүмкүнчүлүгү чектелген жаштардын уюмдарынан өкүлдөр катышууда. (КЕ)