Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Ош: айрым айдоочулар окуучуларды ташуудан баш тартууда


Ош шаарында муниципалдык унаалардын айдоочулары пенсионерлерди жана окуучуларды ташуудан баш тартууда. Бул туурасында Оштун бир катар тургундары “Азаттыкка” кабарлашты. Алардын белгилешинче, мындан бир апта мурда Ош шаардык Кеңеши атайын чечим кабыл алган. Ага ылайык пенсионерлер муниципалдык унааларда бекер жүрүүгө, ал эми мектеп окуучулары бир сомдон гана жол кире төлөөгө акылуу. Ошого карабастан жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканалардын айрым айдоочулары мындай тартипке баш ийбестен, пенсионерлердин жана окуучулардын укугун тебелеп, аларды көбүнчө жолго таштап кетишүүдө. Бул маселе боюнча Ош шаардык жүргүнчү транспорт агенттигине кайрылганыбызда, мекеме жетекчилиги калктын бул катмарына кеткен чыгым жергиликтүү бюджеттен төлөнөөрүн, андыктан пенсионерлерден жана окуучулардан беш сомдон жол кире сураган айдоочуларга чара көрүлөөрүн билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG