Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:57

И.Исаков, А.Жекшенкуловдун соту улантылат


Эртең Кыргызстандын аскердик гарнизондук сотунда мурдагы коргоо министри, генерал Исмаил Исаковдун соту уланат. Буга чейин 11-январда Бишкек шаардык аскердик гарнизондук соту И.Исаковду уулу Руслан Исаковго батир берген деген айып менен сегиз жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарып, генерал сот залында камакка алынган. Ал эми И.Исаковдун жактоочулары болсо жогорку инстанцияларга кайрылышкан. Ал учурда улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу абагында жатат.

Ал эми мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун соту 16-февралда уланмакчы. Оппозициянын көрүнүктүү ишмерлеринин бири А.Жекшенкуловго министр кезинде кызматынан кыянат пайдаланган, анын белекке алган тапанчасынан түрк ишкери Сервет Четин өлтүрүлгөн деген айыптар тагылууда. Оппозиция өкүлдөрү бул экөөнө тең саясий негизде кылмыш иштери козголуп, жогорку деңгээлде куугунтук уюштурулуп атканын айтышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG