Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

Ванкуверде өлкө намысын эки спортчу коргойт


Канаданын Ванкувер шаарында 21-кышкы олимп оюндары башталды. Анда Кыргызстандын намысын эки спортчу коргомокчу. Дмитрий Трелевский тоодон лыжа менен ылдам түшүү боюнча мөрөй талаша турган болсо, Ольга Решеткова лыжа жарышына катышмакчы. Айта кетчү нерсе, буга чейин Кыргызстан кышкы олим оюндарына чет өлкөнүн жарандарын тартууга муктаж болуп келсе, азыр биринчи жолу өзүнүн спортчуларын чыгарды.

Төрт жылда бир жолу өтө турган кышкы олимп оюндарына дүйнөнүн 82 өлкөсүнөн беш жарым миңдей спортчу күч сынашмакчы. Оюндар 16 күнгө созулат. (IJz)

XS
SM
MD
LG