Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Индиядагы жардыруу үчүн улутчулдар Пакистанды күнөөлөштү


Батыш Индиядагы кафеде бомба жарылганда 9 киши каза таап, 60ка чукулу жараат алды. Кечээки кол салуудан кийин хинду улутчулары Пакистан менен жаңы тынчтык сүйлөшүүсүн токтотууну талап кылышты. Пун шаарындагы каргаша 2008-жылдагы Мумбайдагы кыргындан кийинки биринчи ири террордук чабуул болуп калды. Индиянын Тышкы иштер министри Кришна оппозициянын талабына пикирин билдирүүдөн мурда адистердин бүтүмүн күтөөрүн билдирди.

 

XS
SM
MD
LG