Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:18

Медведев Януковичти Москвага чакырды


Орус мамлекет башчысы Дмитрий Медведев Украинанын жаңы шайланган президенти Виктор Януковичти Москвага чакырды. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы кабарлады. Украинанын борбордук шайлоо комиссиясы кечээ Януковичтин жеңишин бышыктаган. Анын атаандашы премьер-министр Юлия Тимошенко болсо экинчи айлампанын жыйынтыктарын сотто талашууга ниеттенүүдө. Медведев Януковичке жолдогон катында белгилегендей, шайлоо эки боордош өлкө ортосундагы тарыхый мамилелерди бузуу аракеттерине украиналыктардын макул эместигин далилдеди. Батышчыл Виктор Ющенконун ордун баса турган Янукович Москва менен жакындашуу саясатын жүргүзөт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG