Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Орусиядагы эң бай адамдардын тизмеси жарыяланды


Орусиялык "Финансы" журналы өлкөдөгү эң бай адамдардын тизмесин жарыялады. Аны 54 жаштагы магнат, Новолипецк болот ишканасынын ээси Владимир Лисин баштайт. Былтыр анын байлыгы эки эсеге өсүп, 18,8 миллиард долларды түздү. Экинчи орунга миллиардер Михаил Прохоров жайгашкан. Орусиядагы эң бай 10 адамдын мүлкү былтыр 84 процентке өскөн. Алардын байлыгы 139 миллиард долларга бааланууда.

XS
SM
MD
LG