Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:11

Исмаил Исаковго байланыштуу сот бүгүн уланат


Бүгүнкү соттук териштирүүнү баштоо эрте мененки саат 9:00 белгиленди.
15-февралда болгон соттук жараянда буга чейин күбөлөр берген көрсөтмөлөр окулуп, козголгон кылмыш ишке байланыштуу маселелер такталды. Соттун жүрүшүндө Руслан Исаков менен катар Коргоо министрликтин жетекчилик кызматтарында иштеген Бөрүбаев, Избасаров, Жунусалиев жана Субанкуловго квартиралар Коргоо министрлигинин карамагына алынбастан туруп, алардын менчигине берилгени айкындалды. Алар менен кошо Коргоо министрлигинин капитаны Руслан Исаковго берилген квартира министр Исаковдун буйругу менен Коргоо министрлигине 2007-жылы кайтарылган. Адвокат Бекназаровдун кылмыш иштин козголушуна тиешеси бар Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункуловдон көрсөтмө алуу тууралуу талабы сот тарабынан четке кагылды. Бекназаров 16-февралда башка соттук териштирүүгө катышуусуна байланыштуу сотко келе албашын айтып, сотту кийинки мөөнөткө которууну өтүндү. Бирок ал кабыл алынган жок. (AiT)

XS
SM
MD
LG