Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:53

Диний ишмердүүлүгүн туура эмес жүргүзгөндөр катталды


Мамлекеттик Улуттук коопсуздук кызматы февраль айында Түркиянын атуулдары Ахмет Дегирменжи, Улус Фатиха (Чүй облусунун Новопокровка айылындагы “Жибек жолу” медересесинин мугалимдери), Ай Сулейман (Кара-Балтадагы “Чахо Кадым” медресесинин мугалими), Казакстандын атуулу С.Усмонтаев (Бишкектеги Гагарин көчөсү, 139 дарегинде жайгашкан медресенин мугалими) тарабынан диний ишмердүүлүгүн иш жүзүнө ашыруу эрежесин бузган фактыны документтештирген. Бул тууралуу МУККнын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, жогорудагы көрсөтүлгөн чет элдик атуулдар “Жаш үмүт” кайрымдуулук коомдук корунун чакыруусу менен өлкө аймагында дин боюнча окутуу түйүндөрүн түзүү максатында келишкен.

Аталган кайрымдуулук кору 15 диний субьектилердин ишмердүүлүгүнө көзөмөл кылып, алардын ону Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтпөгөнү аныкталган.

Кордун дин үгүттөөчүлөрү салттык эмес диний идеяларды тараткандыгы жана дин жөнүндө мыйзамды бузгандыгы боюнча кат жүзүндө эскертилгенине “Жаш үмүт” кайрымдуулук кору көңүл бурган эмес. Бул факты боюнча МУКК менен Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик мыйзамдын чегинде иш-аракеттерди көрүп, чара көрүлөрүн маалымдады. (AJ)

XS
SM
MD
LG