Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Нарында милиция кызматкеринин үстүнөн соттук териштирүү башталды


Нарын облустук соту Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Ардак Малабековдун үстүнөн соттук териштирүүнү баштады. Буга чейин Малабековду шаардык сот 4-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-пункту менен күнөөлү деп таап 5 жылга жатак абагында жаза өтөөгө өкүм чыгарып, сот залынан камакка алган. 2008-жылдын 14-февралында уурулукка шектелип кармалып келген 19 жаштагы Адилет Карыбек уулу Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнун абагынан белгисиз жагдайда каза болгон. Ал күнү нөөмөткер милдетин Малабеков аткарган. Шаардык соттун чечимине соттолуучу тарап да, Адилеттин жакындары да нааразы болушуп областтык сотко кайрылышкан. Соттун кийинки отуруму 25-февралда уланат. (JI)

XS
SM
MD
LG