Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Аскер сотуна чакырылган күбө документи жок келди


Генерал Исмаил Исаковдун ишине байланыштуу сот жараянына түштөн кийин Каржы полициясынын кызматкери Конокбай Өскөнбаев эч бир документи жок келип, бул ишке байланыштуу документ жашыруун экенин, тиешелүү кагаздар буга чейин кылмыш ишине тиркелгенин билдирди. Адвокат А.Бекназаров болсо укук коргоо органдары жасалма жол менен күбөлөрдү ынандырып, жоопкерчиликтен кутулуу максатында атайын ушундай ыкмаларды колдонуп жатышканын белгиледи. Ал эми күбө катары чакырылган К.Өскөнбаев адвокатттын талаптарын канааттандырган жок.

Бүгүн Республикалык аскер сотунун cудьясы Тилек Абдрашитов адвокат Азимбек Бекназаровдун И. Исаковдун ишине байланыштуу каржы полициясынын өкүлүн чакыруу тууралуу өтүнүчүнө макулдугун берген.

Оппозициячыл саясатчы И. Исаков министр болуп турганда уулуна кызматтык батирди берген деп айыпталып, 11-январда Бишкек гарнизондук аскер соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган. Анын аппеляциялык арызы учурда Аскер сотунда каралууда. Сот жараяны эртең улантылат.(AJ)

XS
SM
MD
LG